Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун инаугурациясына бир гана Нурсултан Назарбаев чакырылды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 9365 | 1

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгына ылайык, инаугурация 28-январда, саат 11.00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Кызматка киришүү аземине чакырылган коноктордун дээрлик 70%ын шайлаган эл түзөт. Бул тууралуу Инаугурацияны уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, конокторду чакырууда шайлоону уюштуруу боюнча штабдын жана президентикке шайланган Садыр Жапаровдун пикири эске алынган. Ага ылайык, чиновниктер аз чакырылып, эл көп чакырылган.

«Ал эми чет мамлекеттен чакыруу боюнча маселелер көп болуп жатат. Биз чет мамлекеттен эч кимди чакырган жокпуз. Бир гана чакыруу иретинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге кат жибердик. Ал кишинин келер-келбеси бизге али белгисиз», — деди Касмамбетов.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

Президенттик кызматка ат салышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Борбордук Азиянын президенттери кандай унааларда жүрүшөт?

Copyright © 2017 Maral FM