Биз менен байланышыңыз

Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Авг 2020 | 551 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Алдын ала маалымат боюнча ал Лондондо жүрөгү токтоп калып көз жумган.

Айсултан Назарбаев 30 жашта болчу.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

Ушул жылдын башында Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап кайрылган. Ал бул кадамын үй-бүлөсүнүн ага кысым жасап жатканы менен түшүндүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM