Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Жапаровду жарга такап коюшту

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2021 | 1304 | 0

Жаңы келген өкмөт «алты айдын ичинде оңдоп кетебиз» — деп, президент Садыр Жапаровду жарга такап коюшту. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыда өкмөт жооп бербей кете берет. Жогорку Кеңеш шайлоого кетет. Жаңы өкмөт ички реорганизациясын жасаганга чейин 100 күн өтөт.

«Жаңы сунушталган Конституцияга ылайык өкмөт жоюлат. Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөргө карап өнүгүшүбүз зарыл. Бийлик бутактары бирдей иштеши керек. Бирок биз сот системасын иштетпей койдук, сотторду парламенттин чечими жок эле камап жатабыз. Ал жерде соттордун кол тийбестиги бар, Жогорку Кеңеш караган соң гана жоопко тартылышы керек. Мамлекеттик өнүгүү системасын стратегиялык жактан түзүшүбүз керек», — дейт Матубраимов.

Ал бийлик бутактары кызмат талашып отурганын белгиледи.

Матубраимов кошумчалагандай, өлкө экономикалык оор кырдаалда, андыктан Кыргызстан тышкы байланыштарды чыңдашы керек. Тышкы иштер министри иштегенди үйрөнүшү кажет.

«Иштер ушул нукта кетсе, жыл соңуна чейин дагы бир революция болушу ыктымал»

Copyright © 2017 Maral FM