Биз менен байланышыңыз

«Иштер ушул нукта кетсе, жыл соңуна чейин дагы бир революция болушу ыктымал»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2021 | 752 | 0

Ишкерлердин бир катар министрлик, кызматтардын жоюлушуна тынчсызданууларына негиз бар. Анткени башаламандык эч кимге жакпайт. Шашылыш чечимдерди кабыл алуу туура эмес. Өкмөт мурдагы структура менен иштесе жакшы болмок. Мындай пикирин экономист Жеңишбек Байгуттиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башаламандык болсо, өлкөгө акча келбейт. Өсүштөр тууралуу сөз кылган менен, мамлекеттик бюджет өзгөргөн жок.

«Бюджетке 200 млрд сом жөн эле чогултмакпыз. Тилекке каршы, анын 80 млрд сому «чөнтөктөрдө» жүрөт. Өнүгүү жагынан да жакшы иштебей жатабыз. Баары ачык-айкын болсо, инвестор келмек. 30 жылда чыныгы инвестор деле келген жок. Келгендеринен да бийлик бутагындагылар каражат сурап, келтирбөөгө аракет кылышат», — дейт экономист.

Байгуттиев белгилегендей, буга чейинки бир да өкмөт жасаган иши боюнча жооп берген жок. Өкмөттүн түзүмүн, программасын бекиткен парламент да эч кандай жоопкерчилик сезген жок. Эгерде ушундай уланса, жыл аягына чейин дагы бир революция болуп калышы ыктымал. Ага толук негиз бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM