Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Бардык шайлоолорду миңге жакын акчалуулар каржылап келет

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 917 | 0

Өлкөдө коррупцияны жоюу үчүн акча системасын жана шайлоо системасын өзгөртүү зарыл. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди

Анын баамында, Кыргызстанда каражатты кайдан тапканың маанилүү эмес. Ал эми шайлоо эч нерсени чечпей турганын түшүнгөн эл аз да болсо акча алат. Мындан улам талапкердин программасын да укпайт. Бардык шайлоолорду миңге жакын киши каржылап келе жатат.

«Муну билген талапкерлер акчалууларды издейт. Ал эми каражаттын баары миңге жакын кишиде топтолгон. Баары эле ошолорго барат. Мындан улам эки революция болсо да, эч нерсе өзгөргөн жок. Анткени акча бергендер: «Ушул кызматтарды бересиң», — деген шартын да коёт. Талапкер бийликке келгенде элге берген убадаларын унутуп коёт да, акча берген адамдын талаптарын аткарат. Бир чети шайлоодо добуш берүү үчүн акча алган адам талапкер бийликке келгенде, андан эч нерсе талап кыла албайт. Себеби добушун саткан, эсептешип бүткөн», — дейт Айжигитов.

Ал шайлоо республикалык бюджеттен каржыланса, бийлик элдин музыкасына «бийлей» турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM