Биз менен байланышыңыз

Баткен: «Айрымдар кыштын даанасын 10 сомдон койсо, кээ бирине 6 сомдон төлөнүүдө»

Коом | 1 Ноя 2022 | 821 | 0

Баткен облусун калыбына келтирүү иштеринин алкагында үйлөрдү тургузуу иштери жай жүрүп жатат. Бул тууралуу Акылбек Жапаров баш болгон өкмөт мүчөлөрү чек ара тилкесинде кыйраган үйлөрдү кайра тургузуу иштери менен таанышкан учурда айтылды.

Жергиликтүү тургундар курулуш иштеринин арбыбай жатканына жана андагы ортомчулардын аракеттерине нааразы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жуманын соңунда Баткен облусуна иш сапары менен барып, чек ара маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Өкмөт буга чейин облустагы чек ара тилкелеринде кыйраган үйлөрдү кайра тургузуу иштери кызуу жүрүп жатат деп билдирген. Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы өз сапарында иштин жай болуп жатканын моюнга алды.

Жапаров буга жергиликтүү бийликти күнөөлөп, “эски ыкма менен иштеген” кызматкерлерге чара көрүлөрүн эскертти.

“Өткөн жылы биз сиздер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрүп, анда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо иштери жүргүзүлдү. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз. Элге эң жакын бийлик – бул жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү калктын, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү милдети сиздерге жүктөлгөн”.

Курулуш иштери жай жүрүп, айрым жерлерде курулушту ишке ашыруучу компаниялар жумушчулар менен келише албай, иш токтоп калганын жергиликтүүлөр айтышат.

Баткен облусунун Достук айылынын тургуну Асанбай Орозкуловдун үйү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан толугу менен талкаланган. Өкмөт кышка чейин үйлөрдү бүтүрүп берүүнү убада кылганы менен курулуш иштери жай жүрүп жатканын айтат.

“Бизге декабрга чейин бүтөт деди эле, бул кетиште бүтпөйт го. Жумушчу аз болуп жатат. Барып эмнеге кечигип жатканын карайын деп жатам, кечээ Акылбек Жапаров да келип, тез арада бүтүрүп беребиз деп убада берип кетиптир. Бирок биздин айылда 70 үй курулат деп жатышат, азыр 5-6 үйдүн пайдубалы бүткөн, бир ай ичинде. Ушундай иштесе декабрга чейин бүтпөсө керек”, — деди тургун.

Ошол эле кол салууда Лейлек районунун Ак-Сай айылынын тургуну Кенжебай Абдывалиевдин үй-жайы да толугу менен талкаланган. Азыркы учурда үйүнүн пайдубалы кайра тургузулуп жатат.

Абдывалиев курулушту моюнуна алган аткаруучу компаниялар башка аткаруучу компания жалдап, орто жолдо курулушчулардын акысы аз болуп, нааразычылык пайда болгонун билдирди.

“Менин үйүмдүн пайдубалын жарымдап калды, 2-3 күндө куюп бүтүп калат. Үйлөр кышка чейин бүтпөйт, оюмча 5-6 айда бүтүп калса керек, май айларына. Алар 2-3 айда деп айтып кое берет. Азыркы учурда биздин айылда 4-5 компания иш кылып жатат. Бирок усталарга акчасын бербей аткан учурлар бар. Анан кээ бирлерине кирпичтин даанасын 10 сомдон төлөп жатса, кээ бир үйлөрдө 6 сомдон деп жатышат. Бул жерде ортомчулар ойноп жатат. Ушуну карап, көзөмөлгө алып койсо жакшы болот эле. Ар кайсы жактан келген балдар иштеп жүрүшөт, жок дегенде 9-10 сом кылып берсе болмок”

Баткен облусун калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жатканын Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Султанбай Айжигитов Баткен районунун Капчыгай айылында аткаруучу компания үйлөрдү кайра куруу милдетин алганын айтты. Бирок ал компания башка бир компанияга ишти тапшырып, натыйжада курулуш баштала элек.

“Бообек деген бирөө бар экен, ал аткаруучу компания катары утуп алыптыр. Ал курулушту курууга башка компанияга бериптир. Ал компаниясы дагы башка компанияга бериптир. Булар бир айдан бери соодалашат экен. Качан баштайбыз ишти? Ушуга көңүл буруп койсоңуздар”, — деп билдирген Айжигитов.

Ошентсе да чек ара тилкесинде жашаган калктын арасында курулуш иштерин шаштырбоо керек дегендер да бар. Достук айылынын башчысы Адалат Айтбаеванын үйү толук өрттөлгөн. Ал Жапаров менен жолугушуусунда айылдаштарынын талабын жеткирип, курулуш иштерин кеч болсо да сапаттуу курууну суранган.

“Президентибиз 2 айда бүтсүн деп тапшырма берген негизи. Бирок биздин айылда былтыр да үйлөрүбүз талкаланып, кайра курганда кемчиликтер болгон. Ошондуктан, азыр өкмөттү шаштырбайлы деп жатышат айылдаштар. Кышка чейин бүтпөсө дагы, сапаттуу кылып куруп бергиле деп жатабыз”.

Акылбек Жапаров Баткен облусуна бөлүнө турган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд сому ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга которулганын айтты.

Сентябрдагы Тажикстандын Кыргызстанга карата куралдуу агрессиясынан 661 үй-жай жабыркап, анын 423ү кайрадан курууга, 238и ондоп түзөөгө муткаж абалда.

Кол салуудан коргонууда кыргызстандык 63 жаран жан берип, анын 48и аскер кызматкери болгон.

Copyright © 2017 Maral FM