Биз менен байланышыңыз

Тажикстандыктар акыркы беш күндө үч кыргыз жаранын кармап кетти

Саясат | 27 Сен 2021 | 1391 | 0

26-сентябрда Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды. Ушуну менен мындай окуя экинчи жолу кайталанды. 23-сентябрда да кыргызстандык эки мектеп окуучусун Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткендиги айтылып, бир күндөн кийин мекенине кайтарылган.

Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда алып кетишкен. УКМКнын баштапкы маалыматына ылайык, өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн унаага жүктөөгө жардам берип жатышкан.

Буга байланыштуу эки өлкөнүн Баткен жана Согди облусунун башчылары, Чек ара кызматтарынын аймактагы жетекчилери сүйлөшүүлөргө барып, окуучулар мекенине кайтарылган.

Арадан үч күн өткөндөн кийин Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы туругуну Уразбек Мирзоев Арка айылынан Тажикстандын Жигдали айылына жумуштары менен бара жатканда, Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Мирзоев Тажикстандын маршруттук таксисинде Худжанд-Канибадам унаа жолунда жубайы менен бара жаткан. Анын кармалышы боюнча жубайы чек ара кызматына кабарлаган.

Чек ара кызматы тажикстандыктар кармап кеткен жаран 27-сентбярда мекенине кайтарылгандыгын кабарлады.

-Маалыматка караганда, Баткен жана Согди облустарынын башчылары сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада Уразбек Мирзоев «Кулунду автожол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Жалпы 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.

«Убада Баткен» долбоорунун жетекчиси Элдияр Жээналиевдин пикиринде, чек арадагы акыркы окуялар чек арачылардын шалаакылыгы жана тажик тараптын кандайдыр бир деңгээлде чагымчылдыгы деп атоого болот.

-Тажик тараптын өзүнчө бир провакациясы катары да көрсөк болот. Себеби, буга чейин дагы апрелдеги окуялар башталардан он күн мурда уктап жаткан жеринен Кыргызстандын эки жаранын уурдап кетишкен болчу. Ошол эле айдын аягында тажик тарап кол салып жатат. Демек, тажик тараптын кыргыз тарапка болгон чагымчылдыгы катары да көрсөк болот.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси толук чечиле элек. Ага карабастан Кыргызстандын жарандарын тажикстандыктардын улам бирден «терип» кетиши бул — Чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын ишинин чабалдыгын көргөзүп турат. Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди.

-Мамлекет катары жарандарыбызды коргой алабызбы, коопсуздугун карай алабызбы?! Бул окуялар элдин ичинде катуу сынга кабылууда. Демек бул жерде Баткен облусундагы чек ара маселеси боюнча, жарандардын укугун жана коопсуздугун коргоо боюнча татаал меселелер турат.Чек арада болгон окуяларга дагы деле жогорку деңгээлде баа берилбей жатканы көрүнүп турат. Ошондуктан биринчи кезекте биздин укук коргоо органдары, чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик башчылары өтө кылдаттык менен менен аракет кылып, жарандардын коопсуздугун сакташ керек. Аталган аймакта иштеп жаткан укук коргоо органынын кызматкерлери бардык жактан көзөмөлдү күчөтүшү керек. Эгерде, Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери кирип келе турган болсо, кармап туруп ордуна коюш керек же киргизбеш керек. Кыскача айтканда баардык аракеттерди жасаш керек. Анан жөн эле ооздорун ачып, «алып кетти, илип кетти» деген болбойт. Мамлекет катары өзүбүздү-өзүбүз коргошубуз керек. Керек болсо каршылык көргөзүп койсо да болот.

Эске салсак, Душанбе шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясында президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселе көтөргөн. Ал уюмга мүчө мамлекетке дагы бир мамлекеттен куралдуу кол салуу болгон учурда, уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айткан.

«Эгер тажик тарап бизге мындай мамиле кылып жатса, демек биз өзүбүздүн кыймыл-аракетибиз менен алардын бул аракетине уруксат берип жатабыз. Алардын бизге болгон мамилесин өзгөртүү үчүн биз биринчи кезекте куралуу күчтөрдү күчөтүүбүз керек»,- деп эсептейт Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов.

-Бизге андай мамиле кылбаш үчүн куралдуу күчтөрүбүздү, экономиканы күчтөндүрүү керек. Ошол эле учурда ички араздашууларды токтотуп, дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдүн барын колдонуп, сабатуу кадрларды жумушка чакыруу зарыл. Мамлекет коопсуздукка келгенде саясий жактан бир-бири менен мушташкандар токтош керек. Иштин баары өзүбүздө болуп жатат, биздин бечелдигибизди билип, тоготпогону да ошого байланыштуу. Ошондуктан өзүбүздүн абалыбызды оңдошубуз керек. Жөнөкөй адамдардын арасын да деле ушундай эле мамилени күтсө болот. Өзүңө-өзүң тың болсоң, акчаң болсо, үй-бүлөңө тың болсоң, баары менен жакшы мамиле кылсаң, сени сыйлашат. Бул жерде деле ошондой эле мамиле. Өзүңдү кандай алып жүрсөң, ошого жараша мамиле кылат.

8-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болгон. Ага чейинки жолугушуу 1-7-сентябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаарында өткөн. Анда тийиштүү протоколго кол коюлган.

Кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүү макулдашылган.

Copyright © 2017 Maral FM