Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия катышуу ниетин билдирген. Борбордук шайлоо комиссиясы «Эркин Кыргызстан» жана «Эне жүрөгү — Мекен» партияларын каттоодон өткөргөн эмес. Дагы эки партия жакында эле шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартышты. 5-октябрда 11 жылдык тарыхы бар «Республика» партиясы шайлоого катышпай тургандыгын билдирди. Ошол эле учурда жыйынтыгы жокко чыккан былтыркы шайлоодо фаворит болгон партиялар бул шайлоодо дээрлик жок.
Ири партиялардын саясий аренада ордун жоготуусу партиялык институтка кандай таасир этет?
Кыргызстанда бүгүнкү күндө саясий партиялдардын саны 226га жетти. Алгачкы катталган партиялар тууралуу айтсак, 1991-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон өткөн. Анын курамында 1991-жылы октябрда – Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, 1992-жылы февралда – Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, 1992-жылы ноябрда – Ата Мекен партиясы түзүлдү.
Ушул эле жылы – Элдик Республикачыл партия, Кыргызстан коммунисттер партиясы, Агрардык партия, 1993-жылы – Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы, 1991-жылы Биримдик партиясы түзүлдү.
Ошентип 1995-жылы саясий партиялардын саны 13кө жеткен. 2000-жылы Кыргызстанда 25 саясий партия расмий каттоодон өткөн. Алардын эми бүгүнкү күндө алардын саны 226га жетти.
Кыргызстанда биринчи жолу 2000-жылы 20-февралдагы парламенттик шайлоодо саясий партияларга 15 орун бөлүнгөн. Ал үчүн 9 саясий партия ат салышкан. 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышса, 2015-жылы өткөн шайлоодо 14 партия катышып, 6 партия парламентке өткөн.
2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо 16 партия катышып, 4 партия жеңишке жеткен. Быйылкы парламенттик шайлоодо 56 мандат үчүн 71 партия ат салышканы турат.
Кыргызстанда биринчи жолу аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Ал жаңы Конституция жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Бирок, шайлоо кандай система менен өтпөсүн партиялардын ролу саясатта жоголбой турганын эксперттер айтышат. Укук коргоочу Динара Ошурахунова шайлоо системасы партияларга таасир этет дегенден алыс.
— Кандай шайлоо системасы болбосун электоратка жана партияларга кандайдыр бир деңгээлде таасир этет. Бирок ал партиялар үчүн өтө коопту эмес. Анткени бизде азыр партиялык курулуш жаңы эле башталып, 10 жыл болду десек болот. Ошол эле учурда партиялар туура эмес жолдорго барган учурлар да катталууда. Партиялар бизнес топторго айланып кеткен учурлар бар. Бийликтин шайлоонун алдында кыска убакта партияларды түзүүсү, алардын тизмесине кийлигишүүсү шайлоо системасыз деле болуп жаткан. Ошондуктан шайлоо системасы партияларга таасир этет дегенден мен алысмын. Анткени бизде партиялар жаңы гана түзүлүп башталды. Мунун баары саясий процесс, ал процессте саясий партиялар деле өзгөрүлүп, азайып, же күчтөнүп боло берет. Бул партиялар үчүн чоң тажрыйба. Партиялардын баары жоголуп кетпейт, мурда можаритардык шайлоо системасында деле түзүлүп келген. Кыргызстанда биринчи жолу 2000-жылы парламенттик шайлоого партиялар катышкан, андан бери партиялардын саны өсүп жатат, бирок сапаты абдан төмөн.
Кыргызстанда туруксуз партиялардын саны көп, туруктуу партиялар саналуу гана. Партиялар негизинен үч топко бөлүнүп калган. Биринчиси, ар бир бийликтин тушунда түзүлүп, бийлик алмашкандан кийин жоголууга дуушар болгон бийликчил партиялар десе болот. Экинчиси, харизмалуу саясатчылардын, лидерлердин айланасында чогулгандардан куралган партиялар.
Үчүнчүсү, бир идеянын негизинде түзүлгөн идеологиялык партиялар. Бирок бүгүнкү күндө бардык партиялардын максаты бир, ал-парламентке өтүү.
Саясатчы Бектур Асановдун пикиринде, Кыргызстанда шайлоолор таза өтпөгөндүктөн, партиялык түзүлүш жакшы калыптанбай жатат. Ошондуктан партиялык идеология, идеологиялык талаш-тартыш деген түшүнүктөр жай калыптанууда.
— Менин оюмча заманбап коом партиянын негизинде гана өнүгө алат. Ошондуктан партиялардын келечеги алдыда. Бир шайлоо үчүн түзүлгөн партияларды тарых өзү четке кагып коет. Мунун баары табигый көрүнүш. Дүйнөнүн бардык демократиялык өлкөлөрүндө 2000ден 3000ге чейин партиялар бар, бирок алардын ичинен 5-10у гана активдүү болот. Мисалга ала турган болсок, 8 млн калкы бар Щвецияда 2600дөн ашык партия бар экен. Америкада да 2 миңден ашуун партия бар. Бизде 300гө жакын партия болгону менен демократиялуу коомдо мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бизде дайыма 10-15 партия активдүү болот. Алар да иргелип отуруп калыптанышат. Кыргызстанда 3-4 жолу партиялык тизме менен шайлоо өттү, ага бир гана «Ата Мекен» партиясы башынан берип катышып келе жатат. Менин оюмча Кыргызстанда дагы жакынкы бир эки шайлоодо 3-4 партия калыптанат. Бул нормалдуу көрүнүш, мындан чочубаш керек, талапкерлер менен партиялар канчалык көп болсо ошончолук жакшы».
Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бул система партиялардын эмес, ар бир талапкерди тандоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эми саясат тануучу Эмил Жороев, парламент партиянын негизинде түзүлүүсү туура болмок деген пикирде.
— Аны бекемдеп, кемчилигин оңдоп, улап кетиш керек болчу. Азыр шайлоо ситемасында партиянын ролу бир топ басаңдады. Ага байланшытуу партиянын зарылдыгы, ага болгон муктаждык азаят. Эгерде парламент толук бойдон партиянын негизинде түзүлсө, жана ошого жараша партиялар кандайдыр бир мандат алгандыгы үчүн мүмкүнчүлүк алчу болсо, ошого жараша аракет кылышмак. Эң акыркысы ошол партиялардын коом менен байланышы эң эле системдүү түрдөгү кыйынчылык. Партиялар парламентке келүү үчүн, элдин добушун алуу үчүн чоң түткү болгон болсо, анда алар шайлоочулар менен иштөөсүн системалаштырып турктуу бир нукта алып барууга муктаждык болсо, байланыш да пайда болмок. Шайлоочулар, коом менен байланышы жок партиялар өтө назик, бат эле бузулуп калчу, керектүү жерде өзгөрүп кетчү уюм катары кала берет. Жаңы система менен партиялардын ордунун басаңдап калуусу Кыргызстандын саясий өнүгүүсүнө, демократиялык институттардын өнүгүүсүнө жакшы эмес көрүнүш. Партиялардын орду бекем бойдон калганда, бирок шайлоо системасын өзгөртүп оңдогондо, туура болмок. Азыр акыркы 10-15 жылдан бери партияны түптөө боюнча кылынган аракеттер артка кетип, бир мандаттуу округдардын партияга байланышпай келген талапкерлер аркылуу, партиялардын бир топ мүмкүнчүлүтөрү кыскарат. Бул деген бара-бара партиялардын тирүү калуусу үчүн ынтызар болгон же ашыкча ресурстары бар болгон топто гана кармап калышы мүмкүн».
Кыргызстанда саясий партияларды түзүүнүн жолу оңой. Буга чейинки шайлоодо «партиялар жарым жыл мурун каттоодон өтмөйүнчө катыша албайт» деген норма бар болчу. Азыр ал эреже алып салынган жана кечээ түзүлгөн партия да эртеңки шайлоого катышса болот.