Биз менен байланышыңыз

«Парламентин экс-төрагаларынын кеңеши мамлекеттин өнүгүүсүнө жардам берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2019 | 801 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультативдик кеңеши мамлекеттин өнүгүшү үчүн колдоо көрсөтөт. Кеңештин мүчөлөрү тажрыйбасы менен бөлүшүп, түрдүү кырдаал боюнча кеңешип сунуштарын берет. Бул тууралуу Эл өкүлдөр палатасынын биринчи чакырылышынын төрагасы Алманбет Матубраимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адам кызматта турган кезде көп кемчилик кетирет.

«Биз каталарды айтып, түздөп койсок дедик, максатыбыз Кыргызстандын багытын өзгөртүү эмес. Колдон келсе мыйзам иштелип чыгып жактан жерде оюбузду билдирсек, мамлекеттүүлүктү, Жогорку Кеңештин деңгээлин оңдоп кетсек дегенбиз. Биз коомдук уюм катары иштейбиз, бир нерсе сурайлы деген оюбуз жок. Парламент мыйзам чыгарууда көз карандысыз, жакшы иштеп, жоопкерчилигин да, милдетин да сезиши керек. Президент экстер менен жолукканда көп маалыматтарды, көйгөйлөрдү укканын айтып, кемчиликтерди оңдоп кетсек деген маселе болгон», — дейт Матубраимов.

Ал белгилегендей, учурда жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш менен паракорчулукту жоюу мүмкүн эмес. Бирок аны ооздуктоого болот. Анткени азыркы система менен баарын ордуна коюу татаал.

Белгилей кетсек, марттын башында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультативдик кеңеши түзүлгөн. Анын башчылыгына Медеткан Шеримкулов тандалып, аткаруу комитетинин төрагасы болуп Акматбек Келдибеков шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM