Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Бийлик жоопкерчилик алуудан коркуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2019 | 733 | 0

Эл өкүлдөр палатасынын I чакырылышынын төргасы Алманбет Матубраимов “Марал” радиосуна берген маегинде парламент чечкиндүү болуп, аткаруу бийлиги жакшы иштеши керектигин билдирди.

Анын айтымында, айрым маселелерде Жогорку Кеңештин алсыздыгы байкалат. Алсак, парламенттин депутаттары жаңы кодекстер боюнча чечкиндүүлүк кылышы керек болчу. Учурда бийлик жоопкерчиликтен коркуп жатат.

Аткаруу бийлигинин иштери президенттин милдетине кирбейт. Мыйзамдуулукту Жогорку Кеңеш карашы зарыл. Парламент шайлоо кодекстерин өзгөртүүгө кызыктар эмес.

«Парламенттин жоопкерчилигин чечип, мамлекеттүүлүктүн системасын түзүүнү каалап келем. Легендарлуу парламенттин убагында көп иштерди жасадык. Ал эми учурда өкмөттө 300, ЖКда 800дөн ашуун адам бар. Бирок иштер жасалбай, бири-биринин жоопкерчилигин албай, кеткенчиктеп жатышат. Адам канчалык аз болсо чечим кабыл алуу ошончолук бат болот. Реформа оор болсо да жүргүзүү зарыл. Азыр эл өкүлдөрү эл алдында отчёт бере элек. Алар кызматка шайлашат, бирок жоопкерчилигин алышпайт», — дейт Матубраимов.

Copyright © 2017 Maral FM