Биз менен байланышыңыз

«Мектеп директорлору конкурстун негизинде тандалышы ыктымал»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 998 | 0

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилери конкурстук жол менен ишке орношот. Мындан сырткары ар беш жылда аттестациядан өтүп турат. Мындай мекемелердин катарына ЖОЖдор кирбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү өзгөртүүлөр билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды. Анткени жетекчи конкурстун негизинде тандалса, ачык-айкындык болуп, коомчулук да көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

«Ошол эле учурда мектеп жамааты да күтүүсүз бирөөнүн келип калуусун көрбөшү керек. Конкурс ачык-айкын болсо, мектептеги билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү системасын оңдобосок, экономика жана башка тармактарды өнүктүрүү оор», — дейт Нурбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мектеп директорлорун аттестациядан өткөрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM