Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Азамат Болгонбаев Чүй облустук театрына директор болду

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2802 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койду.

Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш» коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун солисти, «Салттуу музыка» коомдук фондунун аткаруучу директору, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү, төрагасы жана башка бир катар кызматтарда иштеген.

Билими жогорку. Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин салттык музыка жана фольклор кафедрасын аяктаган.

Copyright © 2017 Maral FM