Биз менен байланышыңыз

Айдарова: Самаркандекте директорлор мугалимдердин айлыгынан себепсиз кармап калууда

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 5680 | 0

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Айгүл Айдарова Баткен районуна караштуу Самаркандек, Ак-Татыр айылдарындагы мектеп директорлору себепсиз ар бир мугалимдин айлыгынан 300 сомдон кармап калып жатканын билдирди.

Бул боюнча мугалимдерден каттар эл өкүлүнө келип түшкөн.

«Эмне себептен айлык акыдан 300 сомдон кесип калып жатканын түшүндүрүшпөйт экен. Ар биринен бул сумманы кемитип алганда очойгон акча чыгат. Бул маселени жетекке алып, көзөмөлдөп коюшуңуздарды суранам», — деди Айдарова.

Ал эми депутат Винера Раимбачаева мектеп окуучуларына берилген тамак-аштын абалы начар экенин сынга алды.

Ал Токмок шаарындагы орто мектептерде ысык чай да берилбей калганын мисал келтирди. Андан тышкары ашканалары да талапка жооп бербегенин айтып, бул жаатта тийиштүү чараларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM