Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Аравандагы авариялык мектепке барды

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1373 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Татыш Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу эркин форматта өтүп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты.

Орто мектеп авариялык абалда, Алмазбек Бейшеналиев маселенин орчундуу экенин белгилеп, бир райондогу бир объектти бүтүрүү тизмесине коштурууну тапшырды.

Иш сапардын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге, «Гүлбаар» балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM