Биз менен байланышыңыз

Араванда имамдын демилгеси менен жаңы мектеп салынды

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 933 | 0

Араван районунун Чөгөм айылында башталгыч класстар үчүн мектеп салынды. Бул демилгени айылдын имамы көтөргөнүн Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Чөгөм айылынын окуучулары 3 чакырым алыстагы мектептен билим алышат. Бул башталгыч класстын окуучуларына оорчулук жараткандыктан имам Маматмуса ажы Жакшыбаевдин үйү мектеп катары пайдаланылып келген.

Буга байланыштуу Чөгөмдүн имамы өзүнчө мектеп салуу демилгесин көтөрүп, өзүнө таандык жер тилкесин бөлүп берген. Демилгени колдоого алган жергиликтүү калк ашар жолу менен 40 орундуу төрт класстан турган мектепти бүтүрүп беришти.

Copyright © 2017 Maral FM