Биз менен байланышыңыз

Араванда сууга чөккөн адамды издөө иштери жүрүүдө

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 447 | 0

Араванда сууга чөккөн адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта саат 18:45де Ош облусунун Араван районундагы Ленин айылында жайгашкан Фергана каналына 1991-жылы туулган жаран чөгүп кеткен.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен 14 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылып издөө ишин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM