Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Партиялардын добуш талашы мушташканга жеткирди

Саясат | 21 Сен 2020 | 1190 | 0

Ош облусунун Араван районунда агитация учурунда болгон окуядан 12 жаран жаракат алды. Жаңжал “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийин эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышты. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бул башталышы гана экендигин, жана чыныгы «бой» али алдыда экендигин айтышууда. Ошол эле учурда бул окуяны партиялардын чыныгы жүзү менен байланыштырышууда. Болуп өткөн жаңжал эмнеден белги берет? Алдыда бул окуянын чоо-жайына кененирээк токтолобуз.

Аравандагы жаңжал кантип чыкты?

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Илхом Маннанов жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Бул арада адамдар тобу келип, ортодо чатак чыккан. Анын кесепетинен Араван райондук ооруканасына ар кандай жаракаттар менен 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына оор абалда 1 жаран кайрылган.  Андан сырткары 5 унаа каражаты талкаланган. Окуя Араван РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Ооруканада жаткан 12 жаран дагы жакынкы убакта суралат.  Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Өкмөт башчы Араванда жаңжал чыгаргандарды жоопко тартуу керектигин белгиледи

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү Ички иштер министрлигинин жетекчилигине тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгилеп, жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын да берди.

Аравандагы окуя боюнча аты аталган эки партия эмне дейт?

Жаңжал “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылып, кийин эки партия тең муну «чагым» деп сыпаттаган билдирүү таратышты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы бул окуя боюнча Фейсбукка билдирүү таратып, анда жолугушуу учурунда күтүүсүздөн чагымчылардын тобу партиянын тарапкерлерине кол салып, ур-токмокко алып киргенин билдиришти. Ошондой эле аталган партия бул иш калыс жана акыйкат териштирилет деген ниетин билдирип, тиешелүү органдар мындай чагымды уюштургандарды жана аларга буйрук бергендерди катуу жазалоого тийиш деп эсептей турганын кошумчалаган.

Ал эми «Биримдик» партиясы бул окуя боюнча Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө, чагымчылдарга сөзсүз чара көрүлүшүн талап кылды. Ошондой эле аталган партия шайлоонун мыйзамдуулуктун жана тартиптин шарттарында өтүшүн жактай турганын билдирген.

Эксперт: «Партиялар добуш үчүн ар кандай ыкмаларга даяр экен» деген түшүнүктү пайда кылды

Шайлоо алдында атаандаштык ушунчалык катуу курчуп баратканда, ар кандай провокациялар четтен чыккан кызыктар тараптардын ортосунда орун алуусу мүмкүн экендигин жана окуяга чок таштап койгон кызыктар тараптар болушу мүмкүндүгүн саясат тануучу Эмил Жороев билдирди.

Анын айтымында, мындай окуянын орун алышы өлкөдө кооптуу кырдаалды жаратты.

«Жалпысынан Кыргызстан боюнча атаандаштык катуу жүрүп жатат. Ошто, Жалал-Абадда, Сузакта бир нече  партиялардын атаандашуусу катуу жүрүүдө. Ошондой жерлерде партиялар эч нерседен кайтпай тургандыгы көрүнүп калып жатат. Жадакалса, «от чыгып кетиши да мүмкүн экен» деген түшүнүктү берип жатат. Партиялар добуш үчүн ар кандай ыкмаларга даяр экенин түшүнүп, коркунуч сезими толук орун алып калышы толук мүмкүн» , — деди Жороев.

Жороев билдиргендей, Аравандагы окуяны күч органдары биринчи кезекте тыкыр изилдеп чыгып, партияларга да, шайлоочуларга да «кандай ката кетти жана кимдер күнөөлүү» деген суроолор боюнча толук маалымат бериш керек.

Молдалиев: “Провокаторлор” башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот» деп ойлонушу керек

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында,  Аравандагы окуя шайлоодо баарына каршы добуш берүүгө чакырык салгандардын чырагына май тамызды. Ошондой эле, «өздөрү элдин арасында ынтымак менен бир иш-чара өткөрө албаган партиялар, кантип элге жакшы иш жасап берет? » деген ойдун жаралуусуна дагы бир ирет шарт түздү.

Шайлоо алдындагы мындай пикир келишпестиктер башка жерлерде деле болот. Бирок бул жерде кимдердин мушташып жаткандыгы маанилүү.

«Бул жерде шайлоо өнөктүгүнөн мушташка баргандай түр көрүнүп жатат. Араван району — Кара-Суу району сыяктуу эле көп улуттуу аймак. Биз көп улуттуу мамлекет экенибизди унутпашыбыз керек. Ушул жерден башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот. “Провокаторлор” башка жаңжал чыгып кетсе эмне болот» деп ойлонушу керек. Ошол партиялардын деңгээли ушул» , — деди Молдалиев.

Саясат талдоочу билдиргендей, партиялар мушташ жолу менен эмес, акыл күчү менен күрөшүш керек. Башкача айтканда, идеялардын тиреши болуш керек. Ошондой эле күч органдары созуп жүрүп албай, тез реакция кылып, күнөөлүүлөрдү жазалап, башкаларды да мындай ишке барбай тургандай кылыш керек.

Мындан сырткары, ал эл арасындагы «шайлоого көбүнчө «каралар», криминалдар баратат» деген ойлорду бул окуялар далилдеп жатат деген ойдо.

Эске салсак, буга чейин да жогоруда аты аталган эки партиянын үгүтчүлөрүнүн ортосунда жаңжал чыкканы  айтылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM