Биз менен байланышыңыз

Араванда киши колдуу болгон 12 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү иликтенүүдө

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 791 | 0

Ош облусуна караштуу Араван районунда 12 жаштагы бала асынып каза тапкан. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 25-июнда саат 10:25 чамасында Араван райондук милициясына райондун борбордук ооруканасына асынып каза болгон өспүрүм баланын сөөгү келип түшкөндүгү тууралуу кабарланган.

Аталган маалымат Араван райондук милициясында катталып, тергөө-ыкчам тобу жана Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги окуя болгон жерге барышкан.

Каза болгон жаш өспүрүм Араван районунун Араван айылынын тургуну 12 жаштагы О. А. экендиги такталган. Аны саат 10:10до тайкеси алып келген учурда каза болгон, оорукананын моргуна киргизилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өспүрүм бала киши колдуу болгондугу белгилүү болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кылмыштын бетин ачып, окуяга шектүүнү табуу боюнча тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM