Биз менен байланышыңыз

Бакиров: Өзбекстан менен жер бөлүштүрүү туура болгон

Кыска кабар | 13 Сен 2019 | 814 | 0

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барды. Эл менен болгон жолугушууда талаптар угулуп, коюлган маселелер толук чечилери убадаланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров маалымдады. Ал ошондой эле, Араван районунан Өзбекстанга бир метр да жер ашыкча берилбегенин кошумчалады.

— Жер алмашуу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн. Бир райондон алынса, экинчи районго берилет, бир айылдан алынса, башкасына кошулат. Бирок, Өзбекстанга бир метр да жер ашыкча өткөн эмес. Берилген жерлердин ордуна сөзсүз жер алынат жана алганбыз. Мамлекеттик органдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү, эл түшүндү, ал тургай, ыраазычылыгын айтышты. Ошондой эле жайыт маселеси көтөрүлдү. Бул маселе чечилери айтылды, башка айыл өкмөтүнөн болсо да жайыт каралат. Андан сырткары, Керкидан суу сактагычынын бир тарабы ачылып, насос коюлат. Ошол жердеги сугат иштерин жүргүзгөнгө, мал-жанын сугарганга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, Араван районунун аймагындагы Полигон тилкесинин сызыгы 2001-2002-жылы биргелешкен кыргыз-өзбек протоколдорунда чийилген. 2017-жылы бул тилкенин сызыгын кайрадан чийүүгө Керки-Дөң суу сактагычы каптап калган жердин ордуна өзбек тараптын жер берүүсү себеп болгон. Мындан тышкары, бул чечим мамлекеттик чек араны республикалык маанидеги Ош-Араван жолунан белгилүү бир аралыкка жылдырууга шарт түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM