Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 545 | 0

Кечээ, 4-ноябрда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын президенти Ги Пармеленге ишеним грамотасын тапшырды.

Пармелен Бейшеналиевди Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси кызматын башташы менен куттуктап, анын эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан да арттырарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык кызматташтык, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жана коронавируска каршы эмдөө боюнча кызматташуу, ошондой эле келерки жылы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын майрамдоо маселелери талкуланды.

Мындан тышкары Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун Пармеленге жеткирди.

Copyright © 2017 Maral FM