Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун башкы катчысы менен жолукту

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 1176 | 0

Кыргызстандын Женевадагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун (ЖКЭУ) башкы катчысы Мариату Яп менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бейшеналиев ЖКЭУну 90-жылдык мааракеси менен куттуктап, жаратылыш жана техногендик кырсыктардан калкты коргоо жана жардам көрсөтүү жаатында уюмдун маанилүү иш-аракеттерин колдоп, уюмдун алкагында Кыргызстандын жигердүү кызматташууга ниеттенип жаткандыгын айтты.

Өз кезегинде Мариату Яп уюмдун кыргыз өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө умтулгандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча аймактык борборду ачуу боюнча кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык жарандык коргонуу уюму өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Анын максаты мамлекеттерге калкты коргоону жана жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу түзүмдөрдү түзүүгө жардам берүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM