Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 1180 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөт башчы Ош облусуна болгон сапарында айтты.

Өкмөт башчы жумуш сапарынын жүрүшүндө Араван районундагы тургундардын көйгөйү менен таанышты.

Тургундардын бири турак үйлөр арасында топтолгон таштанды боюнча даттанды. Жергиликтүү бийлик элден түшкөн арызга карабастан, бул маселеге көңүл бурбай келгенин кошумчалады.

Улукбек Марипов жеке өзү бул көйгөй менен таанышып чыккан соң, көңүл коштугу үчүн район акимине сөгүш жарыялоону тапшырды.

«Эл жашаган көчөнү таштанды жайына айланткан кантип болсун! Бул жерде адамдар жашайт, балдар ойнойт, улуу муундун өкүлдөрү жүрөт, алардын баары таштандыдан чыккан сасык жыт менен дем алып жатышат. Аракетти башташ үчүн райондун акими жана башка тиешелүү өкүлдөр өздөрү ушул үйлөрдө жашап көрүшү керек. Таштандыны чыгарып салуу — бир күндүк жумуш, анан неге бул маселе бир жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келет?»,- деди Марипов.

Буга чейин премьер-министр жергиликтүү көйгөйлөр менен таанышуу үчүн айтпай барып текшерерин убадалаган.

Марипов: Акимдерди айтпай барып текшерем, даяр болгула (видео)


Copyright © 2017 Maral FM