Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 1427 | 0

Бүгүн 28-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө. Алар Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышууда.

Митингге Райымбек Матраимовдун туугандары, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген тарапташтары да катышууда. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана айрым саясатчылар да акцияга катышууда. Катышуучулардын саны болжол менен 5 миңден ашуун деп айтылып, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жана Мирлан Бакировду көрүүгө болот.

Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган.

Эске салсак, Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 млрд сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM