Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу: Акча тараткан жергиликтүү кеңештин эки талапкери боюнча иликтөө башталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1512 | 0

Кара-Суу районундагы Турсунзаада атындагы орто мектепте жайгашкан №5221 Жаңы-Маала шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон «Н.Х» жана «С. А» аттуу жарандар «Kloop.kg» медиа коомунун журналисттерине «акча таратуу жана коркутуулар» болуп жатканын кабарлашкан.

Аталган факт боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Бул маалымат 11-апрель күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM