Шайлоо акыркы убакта коомчулуктун көп талкуулаган темаларынан болууда. Себеби бир жылга жетпеген убакытта эле өлкөдө 3 шайлоо болуп өттү. Акыркы 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун чуусу, айрыкча Бишкек шаарында дале бүтпөй келет. Алсак, кечээ, 20-апрелде 8 партия «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоодон алган добуштарын жокко чыгаруу талабы менен жыйын өткөрүштү. Буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жооп берди. Жаралган жагдайга эксперттер кандай баа берет?
Шаардык кеңешке шайлоого аттанып, жетиштүү добуш ала албай калган 8 партия: «Улуу журт», «Айкөл Кыргызстан», «Улутман», «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», Кыргызстан коммунисттер партиясы, Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы жана «Жашылдар» партиясы Бишкекте «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу» аталышындагы маалымат жыйын өткөрдү. Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтышып, жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын да коюшууда. Партиялардын өкүлдөрү «Ата Журт Кыргызстан» 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик каттоодон өткөнүн, ошондуктан алар аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматтарды беришкенин, анткени 26-февралга чейин партия «Элдик биримдик» деп аталып келгенин маалымдашты. Ошондой эле АШК бул партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоодо мыйзам бузган деп эсептешет. Партиянын өкүлдөрү БШКдан «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарууну талап кылышты.
Ал эми бул нааразычылыктар боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берди. Комиссиянын төрагасы Кайрат Маматов «Ата Журт Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтетилбей турганын билдирди. Себеби мыйзам талаптарына ылайык, үгүт башталардан 6 ай мурда катталган партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укуктуу. Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн партияларды кайра каттоонун шарттарында кандайдыр бир чектөөлөр белгиленген эмес.
— «Ата Журт Кыргызстан» партиясы 2021-жылдын 26-февралында кайра каттоодон өткөн. Бул партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн. Биз 11-мартта «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлердин тизмесин каттаганбыз. 7-апрелде «Айкөл Кыргызстан» партиясынын лидери Бакыт Керимбеков бизге «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу арызы менен кайрылган. Биз арызын жокко чыгардык. 10-апрелде болсо Керимбеков бул чечимге макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына барган. БШК «Айкөл Кыргызстан» партиясынын арызын негизсиз деп тапкан. Андан кийин «Айкөл Кыргызстан» саясий партиясы Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз жазган. 16-апрелде сот шайлоо комиссияларынын талашкан чечимдеринин мыйзамдуулугун белгилеп, «Айкөл Кыргызстандын» арызын канааттандыруудан баш тартты.
Маматов башка саясий партиялардын мыйзам бузуулары жөнүндө факты же материалдар болсо, азыр тергөө органдары күтүп жатканын айтып, ошол фактылардын негизинде изилдөө жүрүп, аныкталса, анда башка саясий партиялардын үстүнөн да чара көрүлөрүн кошумчалады.
Саясат талдоочу Эмил Жороев шайлоонун алдында да, шайлоо күнү да көптөгөн дооматтар, мыйзам бузуулар болуп жатканын, өзгөчө добуш сатып алууларды жана административдик ресурсту пайдаланып жаткандарды көрүп-билген адамдар айтып, кулак кагыш кылып жүргөнүн эске салды. Андыктан бул шайлоону «жөн эле өтүп кетет» деген туура эмес экенин, анан да мыйзам бузган, аша чапкан партиялар болобу, талапкерлер болобу, чара көрүлбөсө, шайлоо институтуна болгон ишенбөөчүлүктү өтө тереңдетип жибериши толук мүмкүндүгүн белгиледи.
«Былтыркы октябрдан берки окуялардын натыйжасында, эл арасында, партиялар арасында шайлоого болгон көз караш кескин нукта болуп келе жатат десек болот. Октябрь айында өткөн шайлоодон кийин кайра эле массалык түрдө добуш сатып алуулар, мыйзам жол бербеген ыкмаларды колдонуу болуп кетти. Менимче, шайлоонун жөн эле кабыл алынып калышына жол берип ийдик. Азыр бирок ушунун үстүнөн тыкыр териштирүү, өзгөчө тиешелүү органдар тарабынан шайлоо комиссиялары менен чогуу иштешип, бардык айтылган дооматтар боюнча так териштирүү иштерин жүргүзүү керек», — деди Жороев.
Ал эми укук коргоочу Динара Оширахунова акыркы күндөрдөгү шайлоого тиешелүү мындай резонанстар Конституция өзгөрүлгөнү үчүн болуп жатат деген ойдо. Анын айтымында, азыр парламент 120 депутаттан 90го чейин кыскартылды. Анын ичинен жарымы бир мандаттуу болуп, жарымы саясий партиядан келет деп кабыл алынганы үчүн партиялар жергиликтүү кеңештин атынан Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярданып жатышат, тактап айтканда, жергиликтүү кеңештер аркылуу жер-жерлердеги рестурстарды алууну көздөшөт. Ошондой эле ал жергиликтүү кеңешке талапкер болууда 6 ай мурун каттоодон өтүү эрежеси жоктугуна таң калуусун жашырбады.
«Биринчиден, бул жергиликтүү кеңешке көп партия катышканы менен, алар Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышканга даярданып жатышат жана жер-жерлерде ресурстарды алганга камданып жатышат. Экинчиден, көп партиялар өздөрүнүн күчүн текшерип, сынап жатышат, анткени биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге өтө көп партия аттанды. Анан эгерде Жогорку Кеңештин шайлоосуна партиялар 6 ай мурун каттоодон өтүшү керек болсо, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна дагы ушундай талап бар деп ойлогонбуз, бирок тилекке каршы, андай талап жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жок экен. Ошондуктан мен ойлойм, 8 партия биригип, «Ата Журт Кыргызстан» партиясы чукул арада каттоодон өткөнү боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат. Мен БШКнын мүчөсүнөн: «Бул партия шайлоонун алдында эле каттоодон өтүптүр, ушундай болобу?» — деп сурасам, «Жок, жергиликтүү кеңеште мындай норма жок», — деп жооп берди. Ошондуктан мен ойлойм, Бишкек АШКсы 8 партиянын талабын ушул маселе үчүн аткарбай жатат».
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча «Ата Журт Кыргызстан» партиясы босого чектен өтүп, 9,59%га ээ болгон.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:
«Эмгек» — 13,87 пайыз;
«Ак Бата» — 12,15 пайыз;
КЭДП — 10,70 пайыз;
«Ата Журт Кыргызстан» — 9,63 пайыз;
«Ынтымак» — 8,34 пайыз;
«Биздин эл» — 7,73 пайыз.
Эске салсак, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде КЭДП партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган.