Connect with us

Референдум: Башмыйзамдын иштеп кетишине дагы убакыт керек

Саясат | 12 Апр 2021 | 2178 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 8 жолу референдум өткөрсө, кечээ Конституциянын жаңы долбоору элдик добушка коюлду. Азыркы референдум 2016-жылы түзөтүү киргизилген Конституциянын негизинде өткөрүлдү. Анда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө боло турганы, бирок жаңы Башмыйзам кабыл алуу мыйзамсыз экени көрсөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала эсептөөлөрү боюнча референдумга катышкандардын саны 36%га жакындады. Жаңы Башмыйзам кабыл алынса, өлкө президенттик башкарууга өтөт. Мындан улам мыйзамдарга кандай толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилет? Өлкөнү эмнелер күтөт? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргызстанда кечээ Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Референдумга катышууга 3 млн 606 миң 225 жаран укук алган. Анын ичинен 1 млн 325 миң 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Бул — автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 %зы эсептелгенден кийинки жыйынтык. Ага ылайык, жаңы Конституцияны шайлоого келгендердин 79,25 пайызы колдоп, 13,69 пайызы каршы добуш берген. Мындан сырткары референдумда добуш берилген 89 миң 830 бюллетень (6,94 пайыз) жараксыз деп табылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

«Автоматтык эсептегич урналарга түшкөн 6, 9% бюллетень жараксыз деп секторго түшкөн. Азыр эми кол менен санагандын жыйынтыгы менен ал сандар өзгөрөт. Себеби, референдум да, шайлоодо да жараксыздарды эсептеп коёт, алар өзгөрүшү мүмкүн. Жараксыз дегенде бюллетендерге туура эмес белги коюлуп калышы мүмкүн же эки жерге коюлуп калышы мүмкүн. Ошого окшогондорго жараксыз деп белги коюп коёт. Бирок алар добуш берди болуп эсептелет». 

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү шайлоочуларынын саны 58 миң 598ди түзөт. Мунун негизинде 28 чет өлкөдөгү 48 шайлоо тилкесинде да референдум өткөрүлдү. Тышкы иштер министрлиги билдргендей, чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде референдумга жалпы 3 миң 162 жаран добуш берди. Добушканалардан эң биринчи Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо тилкеси ачылып, акыркы болуп Вашингтон шаарындагы шайлоо тилкеси бүгүн, 12-апрелде Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 06:00дө өз ишин аяктады.

Эске сала кетсек, референдумга 15 үгүт тобу катталып, алардын 12си Конституцияны кабыл алдыруу үчүн үгүттөсө, үч топ «каршы» добуш берүүгө үндөдү. Жалпы элдик добуш берүүдө «макул» үгүт тобу 7 млн сом саптаса, «каршы» үгүт тобу 100 сом каражат бөлүп, бирок сарптаган эмес.

Президент Садыр Жапаров кечээ жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү күнүнө карата кайрылуу жасады. Анда Кыргызстандын кылмыш-жаза кодексинде жана башка мыйзамдарында бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар бар экенин айтып, жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышы менен аларды иретке келтирүү аракети башталарын белгиледи.

Президенттин айтымында, Президенттик аппарат жана Өкмөт тарабынан алдын ала мыйзамдардын жаңы долбоорлору «пакет-пакет» болуп даярдалган.

«Башмыйзамдын жаңы долбоору даярдалган күндөн баштап биз аппаратка, сот системасына, прокуратурага бардык мыйзамдарды карап чыгуу боюнча тапшырма бергенбиз: «бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдардын баарын оңдогула», — деп. Азыр бардык мыйзамдар иштелип чыгып, долбоорлору даяр турат. 20-апрелге жакын БШК референдумдун жыйынтыгын чыгарса, андан кийин биз бардык мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизебиз. Парламент каникулга кеткенче кабыл алып берсе, андан кийин биз жаңыча жашайбыз, жаңы мыйзамдар менен жашоону улантабыз. Биз Өкмөт тараптан, Президенттик аппарат тараптан мыйзамдардын жаңы долбоорлорун «пакет-пакет» менен буга чейин даярдап койгонбуз». 

Жаңы Башмыйзамдын кабыл алынуусу менен конституциялык мыйзамдар ага жараша өзгөрүүсү керек. Конституциялык кеңештин мүчөсү, экс-депутат Эсенгул Исаковдун пикиринде, мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан ыкчам кабыл алынган күндө да, процесс күз айларына барып бүтүшү мүмкүн.

«Көптөгөн мыйзамдарга карата жаңы Конституциянын өзүндө өзгөрүүлөр болду, башкаруу формасы өзгөртүлдү, курултай системасы киргизилди. Бийлик бутактары өзгөртүлүп, премьер-министр, өкмөттүн аппараты жоюлду. Конституциялык мыйзамдар жаңы Башмыйзамга ылайык кабыл алынышы керек. Парламент ыкчам түрдө кабыл алса, күзгө чейин кабыл алып бүтөт. Ошондуктан ошол мыйзамдардын баарын Конституцияга ылайыктаган күндөн баштап, ошол мыйзам менен жашашыбыз керек. Президент бүгүндөн баштап ыйгарым укугун алды. Президент болгонуна 3 ай болуп калды, бирок ал өзүнүн бийлигин жүргүзө турган укугун алган эмес болчу».

Укук коргоочу, юрист Эржан Кайыпов мыйзамсыз иштелип чыгып, мыйзамсыз референдумга коюлган Конституция акыры мыйзам бузуулар менен коштолгон референдумдун жыйынтыгында кабыл алынды деп эсептейт. Анын пикиринде, өлкө президенттик башкарууга эмес, илимге бейтааныш башкаруу системасына келип, көбүрөөк Бакиевдик башкаруу системасына окшоп жатат.

Мындан сырткары Кайыпов өлкөдө эми кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгына төмөнкүчө токтолду:

«Эми кандай болот? Эми бул президенттик башкаруу эмес, анткени президенттик башкаруу башкача болот. Ошол эле Конституциянын авторлору Америкадагы президенттик башкарууну мисал кылып жатышат. Америкада көз карандысыз сот, прокурор бар. Алар президентке карата да чара колдонуп, президенттин чечимдерин жокко чыгара алат. Бизде эми соттордун төрагаларын дайындай турган президент болот. Бизде эми депутаттардын ишине кийлигишип мыйзам чыгара турган президент болот. Бизде эми бардык аткаруу бийлигин өзү дайындап, өзү кызматтан ала турган президент болот жана ал эч кимге отчет бербейт. Өзү жоопкерчиликти албайт, биз илимге бейтааныш башкаруу системасына келип отурабыз».

Жаңы Башмыйзамга жараша бийлик эбегейсиз күчкө жана укуктарга ээ. Ошол эле учурда элдин бийликтен талабы да курч. Мындан сырткары өлкөдө экономикалык кризис күч алып, жашоо оорлошуп баратат. Мындай учурда бийлик элдин көңүлүн алуу үчүн кескин чечимдерди жасап, мыйзамсыз кадамдарга баруусу мүмкүн экенин, андан көрө шашпай турганы жакшы деп эсептейт саясат талдоосу Эмил Жороев.

«Мен бир чети шашылыш, кыска убакытта ийгилик көрсөтөм дегенден бир аз кооптонуп турам. Жаңы Башмыйзамга жараша бийлик эбегейсиз күчкө жана укуктарга ээ болуп жатат. «Ийгилик жаратам, натыйжа көрсөтөм» дегендин артында ар кандай күчкө салуу же мыйзамга, легитимдүүлүкө туш келбеген иш-аракеттерге баруу болуп калса, андан көрө шашпай турганы деле жакшы. Мындай учурда бийлик элдин көңүлүн алуу үчүн кескин чечимдерди жасап, мыйзамсыз кадамдарга баруусу мүмкүн. Ошондой иш-аракеттердин негизи менен ар кандай бузукулук иштер да болуп кетиши мүмкүн. Бизнести кайра эле саан уйлардай саап кириши мүмкүн. Ийгилик жаратуунун жетегинде кылмыш иштерин ачуусу мүмкүн. Шашылыш болгон нерседе дайыма ар кандай опурталдык да күтөт«.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 13-мартта «Кыргыз Республикасынын Конституциясы» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык,  референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өттү. Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча өткөн референдумга республикалык бюджеттен 55 миллион 642 миң 300 сом жумшалды. Ушул жылдын 10-январында өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумга бюджеттен 39 миллион 946 сом бөлүнгөнү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM