Биз менен байланышыңыз

Кайрат Маматов: Байсаловдун билдирүүсү шайлоого карата басым болду

Блог , Маек | 15 Окт 2021 | 3345 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы гана дайындалган Эдил Байсаловдун «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айткан сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов «Фейсбук» баракчасына президент Садыр Жапаров анын сөзүнө маани бериши керектигин жазды. Эдил Байсаловдун сөзүндө шайлоочуларга кандай басым болгон? Бул тууралуу Кайрат Маматовдун өзү менен маек курдук.

—  Постуңузда президенттин Эдил Байсаловго карата чара көрүшү керектигин жазган экенсиз. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө шайлоочуларга жана талапкерлерге кандай басым кылган?

— Баарыбыз билгендей эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Былтыркы шайлоодон кийинки окуялардан бери парламентти шайлай албай жүрөбүз. Жаңы мыйзамдар жана жаңы система менен депутаттар келиши керек. Ага ылайык 36 бир мандаттуу шайлоо округунан көз карандысыз 36 депутат келет. Калган 54 депутат партиялык тизме менен келиши керек. Жаңы эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп бекитилген Эдил Байсаловдун саясатчылар менен болгон талкуу видеосун көрүп калдык. Ал жерде кандайдыр бир деңгээлде басым болду деп ойлойм. Себеби азыр шайлоого үгүт компаниялары баштала элек. Учурда каттоо процесси жүрүп жатат. «45-50 депутат менен гана иштейбиз, калганы менен иштебейбиз» деп азыр айтып жатканы туура эмес. Анын айтканын кээ бир талапкерлер басым деп эсептеши мүмкүн. Депутаттар кандай болсо да шайлоочулар тарабынан шайланып келишет, башкача айтканда, алар — элдин үнү, элдин өкүлү. Ошого аткаруу бийлиги антип сүйлөгөндөн алыс болушу керек эле.

— Мындай учурларда кандай чара көрүлөт?

— Эми билбейм, кандай чара көрүшөт? Видеону көргөндөн кийин жеке оюмду жаздым. Бирок, сөзсүз чара көрүшү керек деп ойлойм.

— Ошондо, алдыда келе турган парламент чын эле алсыз болуп калабы?

— Эми азыр кандай депутаттар келет… Жаңы система партиянын лидерлеринен жана башкалардан көз карандысыз шайланып келишине шарт түзүп жатат. Жаңы депутаттар кимдин саясатын колдоп-колдобой турганы бир канча убакыт өткөндөн кийин билинет. Алдын ала эле талапкерлерди коркутуп-үркүтүп, «силер бизди колдобосоңор, анда силер менен сүйлөшпөйбүз» деп өкмөт башчынын орун басары айтпашы керек.

— Мындай билдирүүлөр боюнча мыйзамда атайын жазалоо каралганбы?

— Жок, мыйзамда көргөн эмеспиз. Биз бул теманы БШКнын отурумунда талкуулайбыз. Бул маселени мен сөзсүз көтөрүп чыгам.

— Маегиңиз үчүн рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM