Биз менен байланышыңыз

Айылдык кеңешке депутат болууну каалагандар 19 миңден ашты

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 792 | 0

Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга арыз тапшыргандар 19 миң 140 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

11-апрель күнү 420 айылдык кеңештин 7 560 депутатын шайлоо өтөт. БШК бул ирет аялдарга 30 пайыздык квота берүү мыйзамы колдонула турганын белгиледи. Ага ылайык, аялдар 2 миң 943 мандатка ээ болот. Ошону менен бирге алгачкы жолу талапкерден орто билими, 1000 сомдук шайлоо күрөөсү талап кылынат.

Айылдык кеңештин депутаты болууга камынган 19 миң 140 адамдын 63ү саясий партиялар тарабынан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн.

Шайлоого катышууга арыз берүү 11-мартта аяктады. Аймактык шайлоо комиссиялары 22-мартка чейин алардын документтерин текшерип, мыйзамга туура келерин карап чыгат. Андан соң үгүт иштери башталат.

Copyright © 2017 Maral FM