Биз менен байланышыңыз

Парламентте жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдыруу сунушу айтылды

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 588 | 0

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону кийинкиге жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков бүгүн, 19-мартта Парламентте коронавирустун абалы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айтты. Учурда саясий партиялардын өкүлдөрү үймө-үй кирип, элдер менен жолугуп үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Оору жукпайт деген кепилдик жок.

Оору чыккандан кийин эл топтошуп-чогулгандан коркуп калышты. Шайлоого да келбей калышы мүмкүн. Шайлоону жылдырып, ага бөлүнгөн каражатты коронавируска каршы күрөшүү иштерине жумшаш керек. Ошондуктан, шайлоону кийинкиге, үч айбы, төрт айгабы жылдырып берүүнү суранабыз, — деди депутат.

Эскерте кетсек, 12-апрелде өлкөнүн 5 шаарында: Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болот.

Copyright © 2017 Maral FM