Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алынат

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 592 | 0

Кыргызстанга жакынкы күндөрү донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алынат. Бул боюнча тийиштүү аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Өкмөттө өткөн жыйында айтканын Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Министр, ошондой эле, Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келишерин билдирген. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет.

Copyright © 2017 Maral FM