Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министри пневмониядан айыгып ишке чыкты

Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 504 | 0

Бүгүн, 3-августта саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ишке чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр стационардык дарылануудан кийин дагы бир жума үй карантининде болгон.

Министр ооруп калган мезгилде анын милдеттери убактылуу орун басары Мадамин Каратаевге жүктөлгөн. Бүгүндөн тартып министр штаттык режимде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, министр Сабиржан Абдикаримовдон пневмония аныкталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM