Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министри менен орун басарынын абалы канааттандырарлык

Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 706 | 0

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы канааттандырарлык. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде айтты.

“Министр жана анын орун басары Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Абдикаримов жана Үсөнбаевдин жумушка качан чыгары белгисиз, анткени алардын дарыгерлери бизге бул жөнүндө билдиришкен жок”, — дейт Акматова.

Эскерте кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдо пневмония, анын орун басары Нурболот Үсөнбаевде коронавирус аныкталганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM