Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө коронавирустун жаңы штаммын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2021 | 791 | 0

Коронавируска каршы пайда болгон иммундук катмар боюнча атайын изилдөөлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Санкт-Петербургдагы Эпидемиология институ менен биргеликте изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Анын алкагында 20 миң адам текшерүүдөн өтөт.

Республика боюнча жалпысынан коронавирустун 86 миң 990 учуру катталган, анын ичинен 45 миңге жакыны лабораториядан тастыкталган.

«Элдин арасында вирус дале бар. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, калктын 35%ынан антитело чыгып жатат. Ооруканага кайрылбай, үйүнөн дарыланган учурлар да бар. Алар каттоого түшпөй калышы ыктымал. Ошондуктан кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз», — дейт Үсөнбаев.

Маалыматка ылайык, өлкөгө коронавирустун жаңы штаммын аныктоодо керектүү жабдуулар алынып келинүүдө. Реактивдерге буюртма берилген, жакынкы күндө келет. Натыйжада коронавирустун жаңы штаммын Кыргызстанда аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM