Биз менен байланышыңыз

«Медкызматкерлерге компенсация берилип жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2021 | 577 | 0

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация берилип жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компенсация берүү маселеси дайыма жүрө турган процесс.

Компенсация боюнча 300 миңдей медкызматкердин документи келип түшсө, 600ү кайра артка кайтарылган.

«Анткени документтер толук же туура эмес. Компенсация албай турган да кызматкерлер бар, эл катарында жүрүп илдет илештирип алган медиктер да бар. Компенсация да өз шарты менен берилет», — дейт Үсөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM