Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2021 | 953 | 0

Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммы келбейт деген кепилдик жок. Анын алдын алуу үчүн чек ара өтмөктөрүндө санитардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүлүп, элдин дене табы текшерилип турат. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдөн ПЧР-тесттин жыйынтыктары, анкета толтуруу талап кылынууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун жаңы штаммын тастыктоо үчүн абалы оорлошо баштаган бейтаптардын анализдери алынып, лабораторияларга жөнөтүлүп жатат. Маселен, Орусия, Германия, Англияга жөнөтүлгөн жолдомолор бар.

Кыргызстанда да коронавирустун жаңы штаммын тастыктоо үчүн бир лаборатория даярдалууда. Тийиштүү реактивдер келип калганда, өлкөдөн аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM