Биз менен байланышыңыз

ПЧР-тесттин баасы төмөндөйбү?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Мар 2021 | 939 | 0

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде ПЧР-тесттин баасын төмөндөтүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ПЧР-тест боюнча өлкөдө 2 мамлекеттик жана 4 жеке менчик лаборатория иштейт. Учурда алардын санын көбөйтүү аракети жүрүп жатат.

«ПЧР-тесттердин баасын арзандатуу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин астында да бир топ жыйындар өткөрүлдү. Бирок реактивдер чет жактан алынып келингендиктен, тесстин баасын төмөндөтүүгө азырынча мүмкүнчүлүк болбой жатат. Жеке менчик лабораториялардан арыз түшсө, лицензия берүү боюнча чакырыктарды жайып жатабыз. Лаборатория көбүрөөк болсо, атаандаштык жаралып, тесттин баасынын төмөндөшүнө шарт түзүлөт», — дейт Үсөнбабаев.

Ал белгилегендей, илдетке чалдыгуу ыктымалы жогору бейтаптарга ПЧР-тест мамлекеттин эсебинен жасалат. Бул багытта 700 миңдей ПЧР-тест алынды.

Copyright © 2017 Maral FM