Биз менен байланышыңыз

Сакталбаган эреже, күчөгөн коронавирус

Ден соолук , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 712 | 0

Өлкө аймагында акыркы эки аптада COVID-19 илдетин жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Буга элдин массалык иш-чараларды көп өткөргөнү, той-аштардын мурдагы калыбында өтүп жатканы себеп болууда.

Вирус жуктуруп алгандардын саны өскөнү менен коомчулукта санитардык эрежелерди, социалдык аралыкты сактагандар аз. Мисалы, акыркы күндөрү болуп өткөн башаламандыктарда, масса көп чогулган митингдерде социалдык аралык, беткап режими сакталган эмес.

Ал эми парламенттик шайлоодо бардык участкалар убагы менен дезинфекцияланып, тиешелүү кызматкерлердин көзөмөлүндө санитардык эреже, социалдык аралык сакталып өткөн. Ага карабай, дал ошол күндөн тартып, ооругандардын көбөйгөнү байкала баштаган. Айталы, 3-октябрда COVID-19 менен 128 адам катталса, 4-октябрда 244 жарандан аныкталып, андан бери улам күчөп баратканын байкоого болот.

Ага ылайык, 5-октябрда Республикалык штаб оорунун тездик менен жайылып баратканын эскертип, санитардык талаптарды, беткап режимин сактап, адамдар көп чогулган жерлерден оолак болуу керектигин айткан.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-октябрда өткөн брифингде акыркы башаламандыктарда эл беткап тагынбай, аймактардан шаарга келип-кетүү көп болуп жаткандыктан оорунун таркап кетүү коркунучу өтө жогору экенин билдирген.

— Азыркы болуп жаткан жагдай — негизги профилактикалык эрежелердин такыр сакталбаганынан, мындайча айтканда, беткапсыз жүрүү, физикалык аралыкты сактабоо, кучакташуу сыяктуу талапка баш ийбеген көрүнүштөрдүн кесепетинен келип чыгууда. Сиздерден суранып кетет элем, эгер зарыл болбосо коомдук жайларга, эл топтолгон жерлерге, айрыкча той-топурларга барбай турсаңыздар. Мына, бүгүнкү күнү эпидемиологиялык кырдаал канчалык эрежени сактабай жүрсөк, ошончолук оорунун көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.

Абдикаримов ошол эле күнү сасык тумоо жана респиратордук-вирустук инфекциянын сезону башталгандыктан, ооруканаларда орундар жетишпей калуу мүмкүндүгүн кулак кагыш кылып, медицина кызматкерлерине кайрадан күч келтирбөө максатында оорунун алдын алуу керектигин кошумчалаган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде тез тарап жаткан оору алтымыштан ашкан адамдар үчүн өтө коркунучтуу экенин дагы бир жолу эскертип, калкты үй-бүлөсүнүн ден соолугун ойлоп, талапка ылайык өзүн алып жүрүүгө чакырды.

— Бүгүнкү күнү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кооптондурууда. Медициналык мекемелерди даярдап, бардык дары-дармек, шаймандарды алып келип, камсыздоо үчүн болгон аракетти кылып жатабыз. Бирок, баарыбыз, жалпы коом буга каршы күрөшпөсөк, ал дары-дармектердин да, башкасынын да натыйжасы аз болот. Биз күрөштү улантабыз.

Коомчулук республикалык штаб сунуштаган эрежени сактабаса, санитардык талаптарга баш ийбесе, жайында болгон окуялар кайталанышы мүмкүн экенин, эгер ал кайталанса, өтө оор болорун адистер баса белгилейт. Анткени, июль айында оору жуктургандар көбөйүп, ооруканаларда жай калбагандыктан, спорт комплекстерге, кышкысын дарыланууга шарты жок имараттарга күндүзгү-түнкү стационарлар ачылган. Медициналык эксперттер азыркы учурда күн суук болуп калгандыктан, андай жерлерге кайра стационар ачуу — дарыланууга ыңгайсыз экенин айтышат.

Бирок, Нурболот Үсөнбаев шартка жараша даярдыктар көрүлүп, дары-дармектер сатылып алынганын, жайында курууга берилген ооруканалардын курулушу аяктап, жарактан чыгып калган имараттарды оңдоп-түзөө иштери бүтүп жатканын маалымдады:

— Даярдык көрүү боюнча атайын пландар бар. Мына жаңы 3 жугуштуу оорулар ооруканасы түштү, 270 койкалык. Мындан тышкары 10дон ашык стационарды перепрофилизация кылып, оңдоп-түзөөдөн өткөзүлүп, көпчүлүгү даяр болуп калды. Медициналык шаймандарды, ал жерге тиешелүү эмеректерди, керектүү жабдууларды кредиттик, гранттык долбоорлордун алкагында толуктап, даярдап жаткан учурубуз.

Андан тышкары Үсөнбаев бүгүнкү күндө рентген аппараттары, кычкылтек концентраторлору жана башка керектелүүчү жабдуулар жер-жерлерге жеткирилип, оорулууларды кабыл алууга чоң даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Бирок, өкмөттүн кылып жаткан иштерине канааттанбагандар, алдын алуу чаралары жетишсиз деп эсептегендер да бар. Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөт калкты толугу менен мобилдештирүү керек экенин, экинчи толкунга карата салынып жаткан ооруканалар кечеңдеп жатканын айтат.

— Мурда айтып жатпады беле, 1-сентябрга чейин ооруканалар курулуп бүтөт деп. Алар бүгүнкү күнгө чейин аяктай элек, бир эле оорукана Баткенде ишке берилди деп жатат. Алар бүткөн менен ичине медициналык жабдууларды алып кирүү керек. Өткөн толкунда пайдасы тийбеген реанимация бөлүмдөрүн бир сыйра карап чыгып, баарын дүйнөлүк стандарт болбосо дагы, керектүү болгон стандартка алмаштырыш керек. Андан тышкары, кычкылтек концентраторун колдонгон учурдагы коопсуздук боюнча да эске салып койгум келет. Мисалы, Орусияда жазында кычкылтек концентраторун колдонууда техникалык коопсуздукту сактабаганы үчүн бир оорукана жарылды. Кечээ жакында эле мына Өзбекстанда бир спорт комплекске жайгаштырылган стационарда ошол эле кычкылтек менен колдонуп жаткан чакта жарылуу болуп, канчалаган адам жаракат алып, бир адам каза болду. Биз дагы аны аябай керек деп сатып алдык.

Батыралиев кычкылтек концентраторун туура эмес колдонуу техникалык жактан да, ден соолук үчүн да кооптуу экенин эскертти. Андан сырткары кычкылтекти өзүнүн стандарты боюнча бербесең, дем алуу органдарын кургатып, пайдага караганда зыяны көбүрөөк болорун кошумчалады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга вирустан сактануу үчүн беткап тагынуу, антисептик каражаттарын бат-баттан колдонуп, коомдук жайлардан зарыл жумуш болбосо оолак болуу жана социалдык аралыкты сактоону сунуштап келет.

Коронавирус жайылып баштагандан бери Кыргызстанда жалпы 49 миң 528 киши жуктуруп алган. Анын 3437си — медициналык кызматкер. Акыркы 5 күндө 24 адам бул илдеттен каза болуп, алардын жалпы саны 1090го жетти.

Copyright © 2017 Maral FM