Биз менен байланышыңыз

Абдикаримов пневмония, орун басары коронавирус менен ооруп жатат

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 714 | 0

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун ПЧР-анализи таза чыкты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Абдикаримовго пневмония диагнозу коюлган.

Ал эми анын орун басары Нурболот Усенбаевде – COVID-19 вирусуна тапшырылган тест оң болуп чыгып, вирус жуктуруп алганы аныкталган. Алардын абалы орточо оор, канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда алар тийиштүү түрдө дарыланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM