Биз менен байланышыңыз

Ошто 6 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 3593 | 0

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Ош шаарынан 9 партия катышты. Алардын ичинен алты партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады. Алар: «Ишеним» партиясы,  «Улуттар биримдиги» элдик партиясы, «Республика» саясий партиясы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы, » Улуу Журт» саясий партиясы, «Бир бол» саясий партиясы.

Ош шаары боюнча алдын ала жыйынтык төмөнкүдөй болду:

  1. «Ата-Журт-Кыргызстан» партиясы — 48, 83%;
  2. «Улуттар биримдиги» элдик партиясы — 17,81%;
  3. «Ыйман нуру» партиясы — 8,22%;
  4. «Ынтымак» партиясы — 7,07%;

Эскерте кетсек, бул — шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Ош шаарында шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар толук келип бүтө элек. Калган партиялар азырынча 7%дык чектен өтө элек.

Copyright © 2017 Maral FM