Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун мөөнөтү жылдырылбайт

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 719 | 0

Коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карабастан жергиликтүү депутаттарды шайлоо мөөнөтү жылдырылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Гүлнара Журабаева маалымат каражаттарына берген маегинде айтты.

Анын белгилешинче, азырынча шайлоону жылдыруу боюнча чечим карала элек. Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында болсо, ал эми 12-апрелде 25 айыл өкмөтү шайланат.

Шаардык кеңештин депутаттык мандаты үчүн ат салышуу ниетин билдирген саясий партиялардын саны 22ге жетти.

Эске сала кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемияга айланышы мүмкүн деп коңгуроо каккан. Бул дарт жайылган өлкөлөрдүн саны 150нү чапчыды.

Copyright © 2017 Maral FM