Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Ойдо жок жерден вице-премьер-министр болгом

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 1000 | 0

Экс-вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Маралга» берген маегинде биринчи вице-премьер-министрлик кызматка күтүүсүз жерден келгенин билдирди.

«Ошто аэропортто отурсам, президенттик аппараттан чалып, эртең менен Ак үйгө келишимди айтты. Келсем, жаңы куралып жаткан Өкмөт мүчөлөрүнүн, комитет жетекчилеринин жыйыны болуп жаткан экен. Мен биринчи вице-премьер-министр болом деп ойлогон жокмун. Аябай толкундандым. Чоң жумушта уйкуң да качат экен. Абылгазиевдин өкмөтү койгон максаттарыбызды жогорку деңгээлде аткардык», — деди Аскаров.

Ал биринчи-вице-премьер-министр болуп турганда жетишкендиктери катары төмөнкү иштерди атады:

  • үчүнчү өлкөлөрдөн автоунаа киргизүүгө коюлган тыюуну алып салуу;
  • ишкерлерге түрдүү шарттар түзүлүп, жеңилдетилген насыя берүү;
  • ипотеканын пайызын төмөндөтүү;
  • экспорт жана импорт боюнча аткарылган иштер;
  • Нарынга логистикалык борбор ачууну сүйлөшүү;

Аскаров мындан сырткары, парламенттик шайлоонун эртеси болгон башаламандыктардан кийин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен байланышпай калганын маалымдады.

Ошондой эле 4 жылга жакын Ош шаарында биринчи-вице-мэр кызматын аркалап турганда шаар социалдык-экономикалык жактан бир топ алдыга жылганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM