Биз менен байланышыңыз

«Реформалоодо чиновниктер адистер менен бирге иштеши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 644 | 0

Мекемелерди реформалоодо чиновниктер менен адистер бирге иштеши керек. Анткени чиновниктин аң-сезими мыйзамдар менен чектелип, андан чыкпай жүрө берет. Адаттан тыш ой жүгүрткөн адамдар реформа жасашы зарыл. Мындай пикирин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Грузиянын тажрыйбасын алсак, Михаил Саакашвили Москвада жашаган миллионерди чакырып, реформа жасоосуна укук жана шарт түзүп берген. Бизде да жарым жылдын ичинде таасирдүү реформалар болсо, жакшы болмок», — дейт Кожошев.

Анын айтымында, жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында арзан насыяларды берүү кажет.

Copyright © 2017 Maral FM