Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда өкмөт башчы 2020-жыл финансылык тартип жылы болорун билдирип, быйыл министрликтердин жана ведомстволордун алдында кеңири милдеттер коюлганын белгиледи. Жыйында өкмөт салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга артыкчылык берери, бул өз кезегинде көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга шарт түзөрү айтылды. Бирок айрым серепчилер аткаруу бийлиги экономиканы көтөрүүдө өкмөткө тиешелүү эмес мекемелер менен биргеликте иш алып баруусу зарыл экенин белгилешет.
2020-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, быйыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болот. Бул реформа жеке ишкердикти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана бизнесте таза атаандаштыкты түзүшү керек. Анткени айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43%га чейин жетет.
Абылгазиев эгерде салыктык төлөмдөр чебер башкарылса, көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө болорун маалымдады.
— 2020-жыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга багытталат. Биз үчүн бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кыла турган салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү камсыздоо маанилүү. Биздин максат – көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана өлкө бюджетинин кирешесин көбөйтүү. Мындан тышкары, быйылкы жылы энергетика тармагындагы жоготуулардын көлөмүн жана башка маанилүү көрсөткүчтөрдү белгилеген эсеп борбору ачылат. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек.
Өкмөт башчы белгилегендей, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, социалдык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан сырткары, жашыл экономика чөйрөсүндөгү, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу чоң мааниге ээ.
Абылгазиев буга кошумча 2020-жыл финансылык тартип жылы болорун айтып өттү.
— Экономикабызда кризис деген менен бюджетибиз былтыркыга салыштырмалуу 13 млрд сомго өстү. 2020-жылы ар бир органдар боюнча 2-3төн тапшырманы бүтүрөлү. Баарыңар жетекчи болуп жок дегенде 1 жылдан ашык убакыт отурдуңар. Эми жемишибизди беришибиз керек.
Жыйында жалпысынан 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү маселелери көтөрүлдү.
Ал эми Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизет. Апрель айынан тарта кошумча салык төлөөчүлөр милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларын колдонууга өтүшөт. Мындан сырткары, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берет. Ал үчүн учурда тийиштүү даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Эркин Сазыков кабарлады.
— Салык кызматы санариптештирүүнүн алкагында электрондук форматта иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдүн санын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзөт. Азыр 160 миңден ашуун салык төлөөчү салыктарды электрондук түрдө төлөйт. Ошол эле учурда электрондук форматта отчёт беришүүдө. ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соода жүгүртүүсүнүн алкагында салыктарды башкарууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ал үчүн чек араларда убактылуу пункттар иштеп жатат.
Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдын Айдаров Салык кызматынын даярдыктары жакшы экенин белгилейт. Эл өкүлү аталган мекеме белгиленген реформаларды жүзөгө ашырарына чоң ишеним артат. Быйыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруунун түшүмү алынарын айтты.
— Салык кызматында фискалдаштыруулар эки жылдан бери ордунан жылбай турду эле. Ал эми мекеменин жаңы жетекчиси Кабыл Абдалиев бул багытта аябай жакшы жумуштарды кылып жатат. 2020-жылы ийгиликтер жакшы болот. Эгерде өкмөт ойлогонун ишке ашырса, «азамат» болушат. Салык кызматы мындан сырткары, жылдык планды да жакшы жапты. Жылдын биринчи кварталында эле эмне жумуш кылган билинет. Комитеттин жыйынында маалыматын угабыз. Айтылгандар кагаздарда гана калып калбашы керек.
Бирок өлкө экономикасын жакшыртууда өкмөттүк мекемелердин таасири аз болот. Бул жерде Улуттук Банк жүргүзгөн саясат басымдуу роль ойнойт. Андыктан аткаруу бийлиги элдин турмушун жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууда өкмөткө тиешелүү эмес мекемелер менен биргеликте иш алып баруусу кажет. Мындай пикирин экономист Кубан Чороев билдирди. Анын баамында, өкмөт тиешелүү реформаларды ишке ашырууну тездетүүсү керек. Ал үчүн бардык шарттар бар.
— Экономикага эң чон таасир берген фактор — акча системасы, акча саясаты. Демек, Улуттук банктын экономикага болгон таасири 70-80% болот. Бирок акыркы жылдары парламент да, эл да Улуттук банкты унутуп койгон. «Ким жаман? Өкмөт жаман. Эмне болбой жатат? Өкмөт иштебей жатат…» Бирок өкмөт акча саясатын жүргүзбөйт.
Кошумчалай кетсек, «2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишмердүүлүгүн башташат.