Биз менен байланышыңыз

Карыздар абоненттердин электр жарыгы автоматтык түрдө өчүрүлө баштайт

Коом , Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 735 | 0

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгы 2020 — региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берди. Мекеме быйыл аймактарга трансформаторлорду орнотуп, электр мамычаларын алмаштырууну пландоодо. Андан сырткары, 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Энергетика тармагындагы өзгөрүүлөр электр жарыгына болгон тарифке таасирин тийгизбейт, баа өзгөрүүсүз калат.


Кыргызстандын 5 айылында электр жарыгы жок. Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгы каражаттын тартыштыгынан улам жетиштүү трансформаторлорду орнотуп, талап кылынган чыңалууну камсыз кыла албай келет. Мындан сырткары, өлкө боюнча электр мамыларынын 40%ы жыгачтан жасалган жана учурда алардын эскилиги жеткен. Мамылар массалык түрдө алмаштырылбаса, авариялык абал көп жаралат. Мындан улам, Улуттук энергохолдинг быйыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата аймактарда энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү жоюуну пландоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 300 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат. Акылдуу эсептегичтер алгач ишкана-мекемелерге жана үч фазалуу, электр энергиясын ашыкча колдонгон абоненттерге коюлат.

—  2 жылдын ичинде бардык абоненттерге акылдуу эсептегичтерди коюп бүтүшүбүз керек. Тапшырма коюлду, быйыл мекеме-ишканаларда 100% эсептегичтерди орнотуу талабы коюлат. Алар тетикти өздөрү орнотот. Ал эми катардагы жарандарга эсептегичтерди сүйлөшүү, келишим аркылуу орнотуу каралууда. Маселен, эгер абонент эсептегичти өз каражатына орнотсо, ага кеткен чыгым электр энергиясы менен кайтарылат. Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору иштей баштады. Аталган мекеме энергетикалык компаниялардын ортосундагы эсептерди, электр жарыгынын балансын эсептеп чыгарат. Көз карандасыз борборго акылдуу эсептегичтердин баары туташтырылат. Натыйжада, кимдин канча энергия колдонуп, канча каражат төлөгөнү ачыкка чыгат. 

Маалыматка ылайык, буга чейин үч фазалуу акылдуу эсептегичтер 20 миң сомдун тегерегинде орнотулса, учурда ал 5 миң сомдун тегерегин түзөт. Бир фазалуу акылдуу эсептегичти орнотуу 2 миң сомго туура келет. Назаров белгилегендей, акылдуу тетиктин наркы жөнөкөй эсептегичтердин баасына чейин түшүрүлгөнүн, ал өткөрүлгөн тендерлердин, сынактардын негизинде жетишилген.

Мындан сырткары, Улуттук энергохолдинг абоненттерге жеткиликтүү маалымат берүү максатында маалымат борборун (call center)түзөт. Бул өз кезегинде энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү билүүгө шарт түзүп, бир топ маселелерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

— Тез жардам үчүн 103 кыска номуруна чалгандай, электр жарыгы жок болгон учурда айталы 011 же 015 номуруна чалып маалымат алууга болот. Кайсы номурларга байланышуу керектигин адистер аныкташат. Жарык эмне себептен өчтү, качан күйөт дегендей суроолорго, андан сырткары, эсептик-дүмүрчөк боюнча нааразычылыктар тууралуу да кайрылып, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү маалымат борбору аркылуу чечип алууга шарт түзүлөт. 

Ошондой эле Улуттук энергохолдинг абонент менен компаниянын ортосундагы мамилени санариптештирүүгө багыт алды. Тагыраагы, быйыл өлкө боюнча 4 энергетикалык компанияда биллинг системасы ишке кирет. Натыйжада, абоненттин электр энергиясына болгон карызы төлөнбөсө, жарык автоматтык түрдө өчүрүлөт. Бирок мурдагыдай мамыга чыгып чубалгыларды кыркып кетүү токтойт. Бул биринчиден, убакытты үнөмдөсө, экинчиден, энергетикалык компанияларда иштеген кызматкерлердин санын кыскартууга шарт түзөт.

Мисалга алсак, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун абоненттерин үчүн билинг долбоорун ишке ашырууга 1 млн 200 миң доллар кетет. Каражат өзүн актай турганын аталган мекеменин жетекчиси Искендер Кадыркулов кабарлады.

— 2 жылдан бери “Түндүкэлектр” ишканасында биллинг системасын киргизип жатабыз. 31-мартта толук бүтөт. Өткөн жылдын декабрь айында сынамык иретинде долбоорду иштетип көрдүк. Шаар боюнча бир районду биллинг системасына өткөрсөк, жыйынтыктар жакшы болду. Буюрса, алдыдагы 3 айда системаны калаага толук киргизебиз. Мында абоненттин карызы 100 сомдон жогору болсо, жарык автоматтык түрдө өчөт. Бересе төлөнгөн соң, кайра автоматтык түрдө күйөт. Ал үчүн каражат албайбыз. Бул долбоор өзүн-өзү актайт. Анткени “Түндүкэлектр” ишканасынын колдонуучулары электр жарыгына болгон береселерди 100 пайыз төлөшөт. 

Айта кетсек, өлкөдө жалпы электр энергиясын колдонгон 1 млн 450 миң абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM