Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» аянтында энергетика тармагынын 85 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 612 | 0

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандагы энергетика тармагынын 85 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг мекемесинин төрагасы Айтмамат Назаров өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Назаров кыргызстандыктарга кайрылып, «Ала-Тоо» аянтында ачылган сүрөт көргөзмөгө чакырды.

Көргөзмөдө энергетиканын тарыхы, энергетика тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышууга болот. Ошондой эле энергетиктердин жумуштары, иш учурундагы кыйынчылыктар, калкты жарык жана жылуулук менен камсыздоо маанайы чагылдырылган. Көргөзмө 2019-жылдын 15-октябрына чейин болот.

Copyright © 2017 Maral FM