Биз менен байланышыңыз

«Ала-Тоо» аянтындагы туткунга түшкөн советтик аскердин сүрөтү алынды

Кыска кабар | 10 мая 2021 | 600 | 0

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтына илинген баннерлердин катарынан туткунга түшкөн советтик аскердин сүрөтү алынып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Мэрия учурда аталган баннердин «Ала-Тоо» аянтына кандайча илинип калганын тактап жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактын колдонуучусу Дмитрий Федоров: «Совет аскеринин жанында фашист турганы эмнени түшүндүрөт? Совет аскери туткунбу? Же эмне?» — деген суроо салган.

Аталган сүрөт 1941-жылы тартылган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда совет аскеринин туткунга түшүүсү фашисттик Германиянын үгүтү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM