Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Чүй көчөсү жабылат

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 626 | 0

Бүгүн, 31-декабрь күнү Бишкекте Чүй проспектисинде унаа-транспортторунун каттамына чектөө киргизилет. Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Мындай чечим «Ала-Тоо» аянтында өтүүчү майрамдык концертке катышкандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган. Жаңы жылга карата уюштурулган концерт 31-декабрь күнү кечки саат 20:00дөн башталып, түнкү 23:30га чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM