Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылды биринчи жана акыркы тоскон өлкөлөр

Блог , Дүйнө | 31 Дек 2020 | 2179 | 0

Дүйнө жүзү боюнча жаңы жылды адегенде Тынч океандын батыш тарабындагы арал мамлекет — Кирибатинин тургундары тосот. Аталган өлкөдө жаңы жыл 31-декабрь күнү Бишкек убактысы менен алганда түштөн кийинки саат 4тө башталат. Демек, Кирибати бул майрамды Кыргызстандан 8 саат мурда белгилейт экен. 

1994-жылы президенттик шайлоодо бир талапкер эгерде шайлоодон жеңип чыкса, Кирибати Жаңы жылды баарынан мурда тосоруна убада берген. Ошентип шайлоодон соң, өлкөнүн убактысы 3 бөлүккө бөлүнүп, батыш тарабы планета боюнча эң биринчилерден болуп майрамды тосуп келет.

Андан 15 мүнөт өткөндөн кийин жаңы жылды майрамдоого Жаңы Зеландия аралдары кошулат.

Кирибатиден 1 саат өтүп, майрам Антарктидадагы Түштүк уюлдун жашоочуларына келет.Image result for Антарктида новый год

Андан 2,5-3 саат өткөн аралыктарда Австралиянын аймактары, Бишкек убактысы менен алганда саат кечки 9да Япония менен Түндүк жана Түштүк Корея жаңы жылды тосот.

Image result for Япония новый год

Күн Чыгыш өлкөлөрүнөн бир саат өткөндөн кийин жаңы жыл Австралиянын калган аймактарына жана Түштүк-Чыгыш Азиянын бир бөлүгүнө келет.

Биздеги саат 11де майрам Индонезиянын эшигин кагат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн болсо, Кыргызстан менен Казакстан жаңы жылды чогуу тосушат. Ал эми биздин эле коңшулар Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга Жаңы жыл бир саат кечигип келет.

Кирибати алгачкылардан болуп жаңы жылдын тосуп алганына 12 саат өткөн соң, майрамдык маанай Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, алсак, Румыния, Греция жана Украинага келет. Ошол эле убакытта Жаңы жылды Түркия, Израиль жана Финляндия да тосот.

Жаңы жылды эң акыркылардын болуп Самоа мамлекетинин тургундары тосушат. Бул жакка майрам Бишкек убактысы менен айтканда 1-январь саат 17:00дө кирет.

Image result for Турция встречает новый год

Copyright © 2017 Maral FM