Биз менен байланышыңыз

Аянттагы балатынын качан алынары айтылды

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 723 | 0

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында орнотулган башкы балатыны алуу иштери 20-январда башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылдык инсталляциялар жана балаты «Бишкек свет» муниципалдык ишкананын цехинде даярдалган. Алар эмдиги жылы дагы колдонулат. 2019-жылдагы башкы балаты 960 миң 200 сомго орнотулган. Ал эми 2018-жылы балатыга 2 млн 375 миң 800 сом сарпталган.

Буга чейин Бишкек шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 27 метр балаты орнотулганын «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлебердиев билдирген. Ал эми 2018-жылы башкы балатынын узундугу 25 метр болсо, диаметри 12 метрди түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM