Биз менен байланышыңыз

Таштандыдан, токойдон… Кайсы өлкөнүн балатысы кооз болду экен? (фото)

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 1755 | 0

Жыл сайын бүт дүйнөнүн ири шаарларында жаңы жылдык балатылар орнотулат. Албетте, айрым шаарлар балаты үчүн миллиондорду коротушса, айрымдары токойдогу жаш балатыларды кесип келип орнотушат. Быйыл Бишкек шаарындагы башкы балатыны кооздоо үчүн 2,5 млн сом жумшалган.

Борбордук аянттагы башкы балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирляндалар тагылган. Шаарды жалпы кооздоого 7 млн сом бөлүнсө, анын 2,5 млн сому башкы балатыга жумшалды. Балатынын бийиктиги 27 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт.

Эми, ТурСтат туристтик порталы түзгөн КМШ өлкөлөрүндөгү эң бийик балатылардын рейтингине токтололу. Алгачкы ондукка кирген борбор шаарлардагы жаңы жылдык балатылардын бийиктигин айта кетсек:

Тизменин сап башында 40 метрлик балаты орноткон Түркмөнстандын борбор калаасы турат. Алгачкы үчтүккө Армян жана Өзбекстандын борборлорундагы балатылар кирген. ТОП ондуктун соңунда бийиктиги 25 метр болгон балатысы менен Грузиянын Тбилиси шаары өзгөчөлөнүп турат.

  • Түркмөнстан, Ашхабад, 40 метр;
  • Армения, Ереван, 37 м;
  • Өзбекстан, Ташкент, 36 м;
  • Азербайжан, Баку, 34 м;
  • Беларусия, Минск, 30 м;
  • Тажикстан, Дүйшөмбү, 29 м;
  • Орусия, Москва, 27 м – табигый балаты;
  • Кыргызстан, Бишкек, 27 м;
  • Казакстан, Нур-Султан, 25 м;
  • Грузия, Тбилиси, 25 м.

Орусиянын Кремль аянтында орнотулган 27 метрлик балаты КМШ өлкөлөрүндөгү баш калааларынын арасындагы жалгыз табигый балаты болуп саналат. Анын 90 жылдык карагай экендиги айтылууда.

Эми жалпы дүйнөнү алып карай турган болсок:

Лондонго балатыны норвегиялыктар — 2-дүйнөлүк согуштагы ыраазычылыгы катары 1947-жылдан бери берип келет. Бирок быйылкы балатысы британия тургундарын анча кубандырган жок. Себеби балаты анчейин кооз эмес жана өңү өчүп калган.

АКШ болсо, баш калаасы Вашингтондогу балаты үчүн бюджеттен 181 миң доллар коротту.

Ал арада айрым өлкөлөр жаңы жылдык балатыны таштандыдан жасаса да болорун далилдеди. Мисалы, Эстониянын Виймси шаарында борбордук аянтка канистрдан жасалган балаты орнотулду.

Related image
Чыгыш өлкөлөрүнүн ичинен Япония өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбаса керек. Дал ушул өлкөдөн инновациялык деңгээлде жарык инсталляциясы менен (алтындан) жасалган эң кооз балатыга күбө боло аласыз.

Бразилияда курулган жаңы жылдык балатынын бийиктиги 110 метрди түзөт. Орнотуу учурунда балатынын бир бөлүгү урап түшкөнүнө байланыштуу Дүйнөдөгү эң бийик балатынын катарына кирбей калды.

Эми бонус катары дүйнө боюнча бийиктиги менен рекорд жараткан балаты тууралуу сөз кылалы.

Гиннес китеби тарабынан эң бийик деп табылып, Рекорд жараткан гиганттык балаты Мехикодо орнотулган. Бул майрамдык кооздуктун бийиктиги – 110 метр, 35 сантиметрге жеткен. 40 кабаттуу үйдүн бийиктигине туура келет десек да болот. Аны орнотууга 2 ай коротулган. Ошондой эле, 330 тонна металлдык конструкция менен 800 метрдик металлдан жасалган гирлянда керектелген.

Оригинальная плавающая елка в Рио де Жанейро

Өзгөчө балатылар

АКШда соода кылуучу арабадан жасалган балаты

Париж. Узундугу 25 метр болгон тескери балаты

Тайвань аралында шаарды чагылдырган түстүү балаты

Флоридадагы кумдан жасалган балаты

Рио-де-Жанейродогу сууда калкып жүрүүчү балатылар

Copyright © 2017 Maral FM